Полиция: Москвада зордуктоо менен кармалгандардын 75%ы — азиялыктар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМоскада шаарынын полиция бөлүмү. Архив
Москада шаарынын полиция бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү зордуктоодон да педофилия кылмышы кеңири кулач жайганын кошумчалады.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Москвада зордуктоо боюнча кармалгандардын 75 пайызы жана башка кылмышка баргандардын 90 пайызы Азия мамлекеттеринен келгендер. Бул тууралуу тегерек столдо Москва шаарынын ИИМБ башчысынын орун басары Михаил Трубников билдирди,

Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери күнүнө зордуктоо жана башка сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар менен бет келишет.

"Статистика боюнча учурда былтыркыга караганда кылмыштын саны азайып баратат. Бул мигранттардын Москвадан көп санда кетишине байланыштуу", — деди Трубников.

Полиция кызматкери зордуктоо дал ушул мигранттардын чөйрөсүндө көп кездешерин белгиледи.

"Андан да педофилия абдан курч турат. Бул керек болсо зордуктоодон да кеңири жайылган", — деди ал.

Трубников зордуктоолордун 75 пайызын тыштан келгендер, ал эми алардын 90 пайызы Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан баргандар жасай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0