Грузияда жоголгон туристтерди куткаруучулар тоодон таап келишти

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүГрузия тоолору. Архив
Грузия тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аларды куткаруучулар тик учак менен издегенден кийин табышкан.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Грузиянын ички иштер министрлигинин кызматкерлери Сванетия тоосунда жоголуп кеткен туристтерди аман-эсен таап келишти. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Алар Германия жана Израиль өлөкөлөрүнүн жарандары болуп чыкты.

"Өзгөчө кырдаалдар боюнча борборго курорттук жайга кетип бараткан кишилердин үч күндөн бери дайыны чыкпай жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Куткаруучулардын түйшүктүү иштеринен кийин аларды аман-эсен табылды", — деп билдирген министрлик.

Аларды грузиялык куткаруучулар тик учак менен издегенден кийин тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0