Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу аракетин баштады

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын желеги. Архив
Улуу Британиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июндун соңунда өлкөдө референдум өтүп, жашоочулардын көбү мамлекеттин Евробиримдиктен чыгуусуна добуш берген.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй шаршемби күнү өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу — Brexit процедурасы боюнча өкмөттүк жыйын өтө турганын РИА Новости Press Association агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

"Мында Мэй тийиштүү ведомство жетекчилеринен биримдиктен чыгуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сурары күтүлүп жатат. Жыйын шаршемби күнү премьердин шаар четиндеги резиденциясында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Улуу Британиянын Премьер-министри Тереза Мэй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Тереза Мэйди премьер-министрлик кызматы менен куттуктады
Агенттиктин билдирүүсү боюнча Brexit Мэй үчүн башкы маселе боюнча калып, аны премьер Кытайда өтө турган G20 саммитинде талкууламакчы. Жаңы өкмөт башчы үчүн бул өлкөдөн тыш чыккан алгачкы иш сапар болуп, Мэйдин Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыккандан кийинки кеңири мүмкүнчүлүктөрүн айтып берүүсүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары, премьер башка өлкөлөрдүн лидерлери менен соода жаатындагы макулдашуулар боюнча сүйлөшмөкчү. 

Эскерте кетсек, июндун соңу менен Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берип, бирок Шотландия уюмда калуу чечимин билдирген. Мындан кийин премьер-министр Дэвид Кэмерон кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0