Окумуштуулар: операция алдындагы балдарды алаксытууда планшеттин жардамы чоң

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүПланшет кармаган бала. Архив
Планшет кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, операцияга камданып жаткан баланы дарыга караганга планшет жакшы алаксыта тургандыгын аныкташкан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Операцияга даярданып жаткан балдарды алаксытууда планшет колдонуу натыйжалуу. Бул тууралуу РИА Новости окумуштууларга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Франциядагы Лиона университетинин профессору Доминик Шассардын айтымында, жаңы ыкма жакында эле изилдөөгө алынган. 

"Биздин иликтөөлөр көрсөткөндөй балдар операция алдында планшет менен жакшы алаксыйт. Аларга атайын дары бергенден көрө бул алда канча таасирдүү. Ата-энелер да бул ыкмага ыраазы болушууда", — деди Доминик Шассар. 

Профессор өзүнүн кесиптештери менен 100дөн ашуун балдарды иликтеп көргөн. Алгач балдарды эки топко бөлүп, биринчи топко атайын дары берсе, экинчи топту планшет менен алаксыткан. Абалды байкап турган тажрыйбалуу психологдор планшет дарыдан кем калбай тургандыгын, ата-энелерге балдарды айпад менен алаксытуу жагаарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0