Рабочие перемещают флаг США. Архивное фото

Америкалык ЖОЖ мурдагы "Аль-Каидачыны" ишке алды

31
(жаңыланган 11:47 31.08.2016)
Мортонду ишка кабыл алардан мурда бул маселе ФБР, коопсуздук жаатындагы эксперттер жана жактоочулар менен талкууланган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жорж Вашингтон атындагы Америкалык университет "Аль-Каида" террордук уюмунун мурдагы мүчөсү Жесси Мортонду улуттук коопсуздук боюнча эксперт кылып алды. Бул туурасында РИА Новости CNN телеканалына шилтеме кылып билдирди.

Борбордогу экстремизм боюнча программанын кибер жана улуттук коопсуздук боюнча программасында иштеген Симус Хью ишке кабыл алынган Жесси Мортон эми террорчулукка каршы уникалдуу көз караштарын сунуштайт деген пикирин айткан. Ал буга чейин Юнус Абдулла Мухаммад деген ысымды алып жүргөн. 

"Биз анын радикалдашкан жолго кандайча түшүп кеткендигин али биле элекпиз. Бирок эми ал ошол дүйнөдөн суурулуп чыкты", — деди Хьюс.

Телеканалдын маалыматына караганда, Мортонду ишке кабыл алардан мурда бул маселе ФБР, коопсуздук жаатындагы эксперттер жана жактоочулар менен талкууланган. 

Университеттин өкүлү алар жаңы кызматкерге ишенишерин билдирди.

31
Белгилер:
террорчу, ФБР, "Аль-Каида", АКШ
Тема боюнча
Атамбаев: Баш мыйзам тууралуу айтылып жаткан кине негизсиз
Пикирлер