Италиянын Аматриче шааарындагы зилзаладан кыйраган үйлөр.

Италияда зилзаладан каза тапкандардын саны 300гө чукулдады

41
(жаңыланган 14:51 31.08.2016)
Куткаруучулар уранды алдында болжол менен дагы алты адамдын денеси бардыгын айтышууда.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Италиянын өрт кызматынын жумушчулары толугу менен кыйрап калган Аматриче шаарындагы урандылардын алдынан куткаруу иш-чаралар учурунда дагы бир адамдын денесин таап чыкты. Ошентип, курмандыктардын саны 293 адамга жетти. Бул туурасында РИА Новости маалымдады. 

Бейшемби күнү Agi агенттеги Rom мейманканасынын урап түшкөн жерден алтынчы сөөк алынып чыгып жатканын билдирди. Куткаруучулар болжол менен дагы алты адамдын денеси бар экенин айтышууда. 

24-август күнү магнитудасы 6,0гө жеткен биринчи жер титирөө саат 3.36да Аккумоли шаарына жакын жерде катталган. Магнитудасы 5,4кө жеткен экинчи силкинүү саат 4.34 чамасында Умбрия облусунда болгон. Анын кесепетинин Аккумоли менен Аматриче шаарлары кыйрап калган. Табигый кырсыктын айынан аталган эки калаадан сырткары Лацио, Умбрия жана Марке облустарында дагы кыйроолор болгон.

41
Белгилер:
мейманкана, курмандык, жер титирөө, Италия
Тема:
Италиядагы зилзаланын кесепеттери (7)
Тема боюнча
ТИМ: Италиядагы зилзаладан КР жарандары жабыркаган эмес
Италиядагы зилзаладан каза тапкандардын саны 159га жетти
Пикирлер