Түркияда төңкөрүш аракетинен кийинки абал. Архив

Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамы бошотулду

44
Ошентип окуя башталган тарта Түркияда иштен айдалган аскер адамдарынын саны төрт миңден ашты.

БИШКЕК, 2-сен. – Sputnik. Өлкөдө төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамдары кызматынан бошотулду. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады. 

Ошентип окуя башталган тарта Түркияда иштен айдалган аскер адамдарынын саны төрт миңден ашты. 

16-июлга караган түнү Стамбул менен Анкара шаарларында козголоң чыгып, аскердик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Бийликтин көргөн чарасы менен ал ишке ашпай, акыркы маалыматтар боюнча 300гө чукул киши каза болгон. Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган. 

Түркия бийлиги бул аракеттерге диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүлендин тийиштиги бар экендигин айтып, АКШдан аны экстрадиция кылууну талап кылган. Ал эми Гүлен козголоңду айыптап, ага катыштыгы жок экендигин айткан.  

44
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, бошотуу, Аскер, Түркия
Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
Тема боюнча
Түркия бийлиги Гүленди эки жолу кесип, 1900 жыл түрмөгө отургузууну талап кылууда
Казакстандагы түрк лицейлерин атайын комиссия текшере баштады
Түркияда эки миң полиция жана жүздөгөн аскерлер кызматтан бошоду