Ажыга барган зыяратчылардын коопсуздугун 17 миң аскер көзөмөлдөөдө

© REUTERS / AHMAD MASOODАжыда жүргөн мусулмандар. Архив
Ажыда жүргөн мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Аравиянын бийлик өкүлдөрү ажылардын ден-соолугуна өзгөчө көңүл бурмакчы.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ажылык учурунда зыяратчылардын коопсуздугун Сауд Аравиясынын жарандык коргонуу боюнча комитетинин 17 миң аскери көзөмөлдөй турганын муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдагы 2400 адамдын өмүрүн алган Мина өрөөнүндөгү кырсыктын кайталанбашы үчүн мыйзамдын негизинде быйыл 2 миң укук коргоо кызматкери иш алып барат.

"Мина аймагындагы бардык ажыларды 55 жашка чейинки атайын окуудан өткөн жарандар көзөмөлдөшөт. Мындан тышкары, ар кандай өзгөчө кырдаалга карата төрт борбор иш алып барып, ар бири 100 миңге чейин адам кабыл ала алат", — деп айтылат билдирүүдө.  

Маалыматта быйыл Сауд Аравиянын бийлик өкүлдөрү ажылардын ден-соолугуна өзгөчө көңүл бура турганы айтылат. Ал эми синоптиктердин айтымында, быйылкы жылы тарыхта биринчи ирет Мекке шаарында аба ырайынын адаттан ысык болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0