Кытайлык миллиардер 325 млн. долларга Boeing Dreamliner сатып алды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүBoeing 787-9 Dreamliner учагы. Архив
Boeing 787-9 Dreamliner учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба кемесинин ичинде коноктор үчүн бөлмө, ашкана, тамак ичкен жай, уктай турган кенен жери жана медиктин кабинети бар.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Аты-жөнүн көпчүлүккө жарыя кылгысы келбеген кытайлык миллиардер өзүнүн муктаждыгы, тагыраагы жеке иштери менен ары-бери катташ үчүн 325 миллион долларга Boeing Dreamliner сатып алды. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын эл аралык радиосуна шилтеме кылып билдирди.  

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes: Москва миллиардерлердин саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат
Радионун маалыматына таянсак, акчанын жалпы суммасынын 100 миллион доллары учакка кардар керек деген жабдууларын орнотууга кеткен. 

Dreamliner аба кемесинин узундугу 60 метрге жакын, ал Boeing учактарынын акыркы үлгүлөрүнөн, ичине 250-330 жүргүнчү батат.

Аба лайнерин толугу менен Kestrel Airlines авиакомпаниясы жабдып чыккан. Анын ичиндеги эмеректер атайын буюртма менен өзгөчө материалдан жасалган. Салондун аянты 200 чарчы метр, ичинде коноктор үчүн бөлмө, ашкана, тамак ичкен жай, уктай турган кенен жери жана медиктин кабинети бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0