Отургучта отурган кыз. Архив

Окумуштуулар "ак кол, ак чүч" аялдар кайсы мамлекетте көп экенин аныкташты

621
Аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда убактысынын 1-2 саатын үй жыйноого сарптайт. Айрым өлкөлөрдө бул көрсөткүч эки эсеге көп.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Скандинавия менен Канаданын айымдары акыркы 50 жылдын ичинде үй иштерин аз жасап калганы белгилүү болду. Ал эми италия менен испаниялык аялдар үйлөрүн тынбай жыйнагандардын катарына кирет. Бул тууралуу РИА Новости Demographic Research журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Жалпысынан үй жумуштары акырындык менен эркек менен аялга тең бөлүнүп баштаганын байкаса болот. Бирок биздин изилдөөлөр мындай процесс айрым өлкөлөрдө жакшы ишке ашпай калгандыгын көрсөттү", — деп билдирди Оксфорд университетинин окумуштуусу Ориэль Салливэн. 

Иликтөө үй жумуштарын жасоодо эркек менен аялдын ортосундагы теңсиздик дале бар экенин көрсөткөн. Аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда убактысынын 1-2 саатын ашыкча үй жыйноого сарптайт. Айрым өлкөлөрдө бул көрсөткүч эки эсеге көп. 

Мындай айырмага карабастан көпчүлүк мамлекеттерде кырдаал кыйла жакшырганы байкалган. Тагыраагы, эркектер менен аялдардын ажырымы 2-3 эсеге азайган. Бирок акыркы жылдары бул процесс басаңдап калганы белгилүү болду. Учурда бул эмнеге байланыштуу экендиги тууралуу суроого окумуштуулар жооп издеп баш катырып жатышат. 

621
Белгилер:
жумуш, аял, эркек, Окумуштуулар
Тема боюнча
Окумуштуулар адам эмне үчүн ичкиликке берилип кетерин иликтеп чыгышты
Окумуштуулар: операция алдындагы балдарды алаксытууда планшеттин жардамы чоң
Хирург операция учурунда. Архив

Дарыгерлер уйкусурай берген баланын башынан ок табышты

15
(жаңыланган 12:17 08.08.2020)
Баарынын жүрөгүн түшүргөн компьютердик томографиянын жыйынтыгы — баланын башында ок бар экенин көрсөттү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чыгыш Иерусалимде медиктер тогуз жашар баланын башынан ок табышты, анын ата-энеси баласынын дайыма уйкусурап жүрөрүн айтып даттанышканын The Daily Mail жазды.

Баласынын жүрүм-турумуна кабатырланган ата-эне дарыгерлерге кайрылышкан. Алар тогуз жашар баласынын дайыма уйкусурап, шалдырап жүргөнүн байкашкан. Дарыгерлер медициналык кароодо палестиналык өспүрүмдүн башынын арт жагынан карттанып калган анча чоң эмес жараатты көрүшкөн.

АКШда телекөрүүчү алып баруучунун ракка кабылганын аныктоого жардам берген

Компьютердик томографиянын жыйынтыгы менен баланын башында ок бар экендиги баарынын жүрөгүн түшүрдү. Дарыгерлер алгач анын башындагы жараатты достору менен ойноп жүрүп кокустатып алган го деп ойлошкон.

Бейтап дароо операцияга киргизилген. Ийгиликтүү өткөн операциядан кийин бала акырындан өзүнө келүүдө. Нейрохирургдардын бири белгилегендей, эгер ок бир аз башка жагынан киргенде бала каза болуп калмак.

Полиция аталган факт боюнча териштирүү иштерин баштады.

15
Белгилер:
баш, бала, дарыгер, Иерусалим
Тема боюнча
Британия: кош бойлуумун деп жүргөн аял өлүмгө жетелеген оорусун билди
Укол кармап турган дарыгер. Архив

COVID: вакцинаны өз организминде сынаган казак окумуштууларынын абалы кандай

34
(жаңыланган 12:02 08.08.2020)
Вакцина Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Клиникалык сыноонун биринчи баскычы сентябрь айында баштала турганы айтылды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина иштеп чыккан жети окумуштуу аны өз организминде сынап көрүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда изилдөөчүлөр өз ишин улантууда. Вакцина Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Мекеменин директору Күнсулу Закарьянын айтымында, окумуштуулардын абалы жакшы.

"Вакцина алган окумуштуулар өздөрүн жакшы сезүүдө, алар изилдөөсүн улантып жатат", — деди ал.

Вакцинанын клиникага чейинки сыноонун жыйынтыктары Дары-дармектерди экспертизалоо улуттук борборуна жөнөтүлдү. Ал жактан тиешелүү жумуштар аткарылып, жыйынтыгы август айынын ортосунда белгилүү болот.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин уруксатынан кийин вакцинанын клиникалык сыноосунун биринчи баскычы сентябрь айында баштала тургандыгы кабарланган. Ага 18ден 50 жашка чейинки 44 ыктыярчы катышмак. Экинчи клиникалык сыноо октябрь айынын ортосунда болуп, декабрь айында аяктайт. Эгер жакшы жыйынтык болсо, Жамбыл облусундагы заводдон чыгаруу пландалууда.

Казакстанда алгачкы жолу коронавируска каршы вакцина сайылды

Эске салсак, август айынын башында Казакстандын коронавируска каршы экинчи вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда (ДССУ) каттоого алынган эле.

34
Белгилер:
изилдөө, вакцина, коронавирус, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Вакциналар жарышы": Батыш башка эмдөөнү тааныгысы жок
Гамалея борборунда COVID-19га каршы балдар вакцинасын сыноо боюнча айтып беришти