АКШ Россияга карата санкциянын тизмесин кеңейтти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга Крымдын кошулушу жана Украинадагы абалга байланыштуу АКШ экспорт, реэкспорт жана технология тармагындагы 80ден ашык ишканага санкция киргизген.

БИШКЕК, 7- сен — Sputnik. АКШнын Соода министрлиги Крымдын Россияга кошулушу жана Украинадагы абалга байланыштуу 81 ишкананы санкциялык тизмеге кошту. Бул тууралуу РИА Новости аталган министрликтин өндүрүш жана коопсуздук бюросуна таянып жазып чыкты. 

"Бул иш-аракеттер Россиянын эл аралык укуктарды бузушу менен киргизилген санкциялардын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн көрүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мында Россияда катталган 75 ишкана, Крымда катталган жети жана Индия менен Гонконгдогу төрт компания тууралуу кеп болууда. Документте ошондой эле тизмеге "Ангстрем-М", "Ангстрем", "Ангстрем-Т", ОАО "ВО Радиоэкспорт", Пермская научно-производственная приборостроительная компания, АО "Микрон", АО НПФ "Микран", НПК "Гранат", Technopole Company, Technopole Ltd., "Джиован" компаниялары киргени белгиленет.

Россиянын өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК орус-түрк мамилеси качан жөнгө салынарын боолголошту
Бул ишканалар тизмеге Россиянын өндүрүшүнө байланыштуу болгондуктан киргизилген. Чектөөлөр экспорт, реэкспорт, материал жана технология ташуу тармагындагы компанияларга тиешелүү.

Россияга каршы санкциялар, башкача айтканда, АКШнын саясий жана экономикалык чектөөлөрү Украинадагы туруксуз абал түзүлгөндөн баштап киргизилген. Санкциялардын ичине активдерди тоңдуруу, кээ бир жарандарга болгон визалык чектөөлөр жана тизмеге кирген компаниялар менен болгон байланыш түзүүгө тыюу салуу дагы кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0