Испанияда токой өртүн өчүрүүгө мүмкүн болбой жатат

© AFP / MANUEL LORENZOИспаниянын токоюнда чыккан өрттү өчүрүү иштери
Испаниянын токоюнда чыккан өрттү өчүрүү иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн өрткө каршы күрөшүү жана жаратылышты коргоо уюмдары бул окуяны "апокалипсис" деп атады.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Испаниянын токоюнда чыккан өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой жатканын РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, Испаниянын Оренсе провинциясында 3,2 миң гектар токой күйүп кетти. Токойдогу жалын ага жакын жайгашкан үйлөргө да жетип, О Шурес (O Xures) аттуу жаратылыш паркы жабыркады.

Өрт өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта 5 жашар бала 15 тонна чөптү өрттөп жиберген
Провинциянын өрткө каршы күрөшүү жана жаратылышты коргоо уюмдары бул окуяны "апокалипсис" деп атады.

Жергиликтүү кызматтар өрттүн алдын алуу боюнча бардык аракеттерди көрүп жатканын маалымдашууда. Ал ортодо Жарандык Гвардия токойго өрт койгондорду издеп жатат. Жуманын башында Валенсия аймагында дагы өрт чыгып, 812 гектар токой күйгөн. Анын кесепетинен 1,4 миң киши башка жакка көчүрүлгөн.

Учурда Испаниянын бардык аймагында кырсыктын жогорку деңгээли жарыяланып, калкты этият болууга чакырыктар ташталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0