Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары. Архив

Армениялык спортчулар Көчмөндөр оюнуна катышканы үчүн жазаланат

867
(жаңыланган 17:20 09.09.2016)
Жаштар жана спорт боюнча министрликтин аталган иш-чарага катышуудан баш тарткандыгына карабастан, армениялык спортчулар өз алдынча кетип калган. Көчмөндөр оюндары Армениянын салттуу оюндарына кирбейт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Армениялык спортчулар алардын бийлиги тарабынан Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарына катышкандыгы үчүн жазаланат. Бул туурасында Sputnik Армения өлкөнүн Жаштар иши жана спорт боюнча министрлигинин маалымат катчысы Астхик Мартиросяндын айткандарына таянып кабарлады.

Кыргызстан Арменияны аталган Оюндарга катышууга чакырган. Бирок Sputnik Арменияга спорттук ведомстводон армян спортчулары үчүн мындай форматта күч сынашуу салттуу эмес болгондуктан, катышуудан бат тарткандыгын кабарланган. Алар кийинки оюндарга да келбей тургандыгы айтылган. 

"Спортчулар же спорттук федерациялардын мүчөлөрү өз алдынча чечим кабыл алып жиберишкен. Алар өзүнүн чөнтөгүнөн каржы жумшап, министрликтин маалыматысыз аттанып кеткен. Оюндардын координатору Белек Усенбековго бизден делегация барбай тургандыгы маалымдалган. Калганы түшүнүктүү, алар өз алдынча кетишкен", — деди Мартиросян.

Мындан улам министрлик окуянын укуктук жагын көтөрүп, федерациялардын милдеттүү түрдө лицензия алуусу боюнча маселесин демилгелөөдө. 

"Бул мындай жагдайдагы биринчи тоскоолдук болуп эсептелет. Мындан ары өздөрүн өздөрү билген спортчулар Армениянын атынан эл аралык иш-чараларга катышуу укугунан ажыратылат", — деп айтты маалымат катчы. 

Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Мындан сырткары, ал коомчулукту Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну деген аталыш таң калдырганын айтты. 

ДКОнун расмий сайтында армениялык спортчулар үч — эки күмүш жана бир коло медаль жеңип алды деген маалымат жайгаштырылган. 

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарына 3-8-сентябрда 62 өлкөнүн спортчуларынын катышуусу менен өттү. Бардыгы болуп улуттук спорттун 26 түрү боюнча 387 медаль ойнотулган. Алар 111ден алтын жана күмүш, 165 коло медаль болду.

867
Белгилер:
спортчу, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Армения
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Төрт күндө 18 алтын медаль алган Кыргызстан жана эр эңиштеги эрлер
Армения Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуудан баш тартты