Токой. Архив

Окумуштуулар: жер 25 жылда жапайы жаратылыштын 10%ын жоготту

114
Уотсон жана анын кесиптештери адамдын колу тийбеген жерлердин картасын түзүп жатып, ушундай жыйынтыкка келишкен.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Адам баласы чейрек кылымда жапайы жаратылыштын 10 пайызын жок кылды. Бул тууралуу РИА Новости Current Biology журналына таянып жазып чыкты. 

Макаладагы маалыматка ылайык, учурда кургактыктын 23 пайызы адамзаттын колу тийбеген бөлүк болуп саналат. 

"Биздин колубуздан келе турган нерсе — адам колу тие элек жерлерди коргоо болуп эсептелет. Эгер биз табиятты коргоп калбасак, жапайы жаратылыш жоголот. Анда бул жердин климаты үчүн, дегеле жалпы табият үчүн чоң катастрофа болмокчу. Мындан планетадагы калктын аярлуу катмары өзгөчө жабыр тартат. Биз азыр кандайдыр бир аракеттерди көрүп, балдарыбызга, неберелерибизге жакшы, корголгон табиятты өткөрүп беришибиз керек", — деди Квинсленд университетинен Джеймс Уотсон.

Уотсон жана анын кесиптештери адамдын колу тийбеген жерлердин картасын түзүп жатып, ушундай жыйынтыкка келишкен. Бул маалымат жапайы жаныбарларды коргоо Коому (WCS) тарабынан өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери жаңыланган эмес.

Окумуштуулардын иликтөөсүндө "катастрофалык" жерлер көбөйүп, акыркы 20-25 жылда жапайы жаратылыштын 9,6% жоголуп кеткен. Бул жерлер аянты боюнча Австралиянын жарымына же АКШнын үчтөн бир бөлүгүнө барабар (3,3 миллион чакырым).

Макалада мындай аймактар көбүнчө эки континентте — Түштүк Америка жана Африкада көп. Буга токойлордун кыйылышы, айыл-чарба жерлеринин жардыруу аркылуу кеңейтилиши жана ошондой эле абдан тездик менен калктын санынын өсүшү таасир эткен.

Окумуштуулар өткөн кылымдын 90-жылдарында мыйзам тарабынан табиятка кол тийгизүүгө тыюу салынган кээ бир аймактардын азыр дагы ошол абалда тургандыгын айтышат.

114
Белгилер:
климат, жаратылыш, жер, Африка, Түштүк Америка
Тема боюнча
Окумуштуулар "ак кол, ак чүч" аялдар кайсы мамлекетте көп экенин аныкташты
Окумуштуулар: бою узундар кодолорго караганда алыс аралыкты жакшы эсептешет