Пан Ги Мун: Түндүк Кореядагы абал Сириядан да кооптуу болушу мүмкүн

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив
Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кореянын аракетинен улам Түштүк Корея, Япония жана АКШ кайрадан БУУга кайрылып, бул маселе боюнча атайын отурум уюштуруп, аны коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүүнү өтүнүштү.

БИШКЕК,10-сен. —Sputnik. Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун Түндүк Кореянын өзөктүк курал колдонуусунун кесепети Сириядагы кырдаалдан да оор болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Эскерте кетсек, буга чейин Түндүк Кореянын борбордук телекөрсөтүүсү өзөктүк куралдарды ийгиликтүү сынаганын билдирген. Түштүк Кореянын аскердик күчтөрүнүн маалыматына караганда, жарылуунун кубаты 10 килотоннага жакын болушу мүмкүн, бул январдагыга караганда эки эсеге көптүк кылат. 

"Корей жарым аралындагы абалды жөнгө салуу дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөй болуп саналат", — деди Пан Ги Мун.

Анын айтымында, дүйнөлүк коомчулук учурда адам өмүрүнө забын болгон Сирия же Түштүк Судандагы көйгөйлөргө басым жасап келет. Бирок Түндүк Корея "бир нерсе болуп кетсе", анын кесепети өтө оор болот.

"Себеби биз өзөктүк курал, баллистикалык ракета жана күтүүсүз режим тууралуу сөз кылып жатабыз", — деди ал. 

Түндүк Кореянын аракетинен улам Түштүк Корея, Япония жана АКШ кайрадан БУУга кайрылып, бул маселе боюнча атайын отурум уюштуруп, аны коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүүнү өтүнүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0