Илюмжанов АКШнын жарандыгын сураган эмес

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжанов. Архив
Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок ал АКШдагы өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн мындай мүмкүнүчүлүктү карап көрүшү мүмкүн. Май айында Илюмжанов өзүн тыюу салынган тизмеден чыгаруу боюнча американынын Каржы министрлигин сотко берген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжанов АКШнын жарандыгын алуу боюнча эч бир жакка кайрылбаганын Р-Спорт агенттиги FIDE уюмунун Россиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Берик Балгабаевге шилтеме берүү менен билдирди. 

Жекшемби күнү бир катар ЖМКлар Кирсан Илюмжанов АКШнын жарандыгын алуу боюнча Барак Обамага кайрылганын жазышкан.

"Кирсан Николаевич АКШ жарандыгын сурады деген маалымат аша чапкандык. Ал болгону мындай мүмкүнчүлүк анын АКШдагы кызыкчылыгын коргогонго пайдасы тийсе карап көрүүнү гана айткан", — дейт Балгабаев.

Май айында Илюмжанов аны эч негизсиз өлкөгө кирүүгө тыюу салынган жарандардын катарына кошкону үчүн АКШнын Каржы министрлигин сотко берип, 50 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылган. Себеби, август айынын аягында FIDE уюмунун башчысы Нью-Йоркко бараткан учакка киргизилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0