Кытай: дүйнөдөгү эң бийик асма көпүрө курдук

© REUTERS / Stringer Кытай Гуйчжоу деп аталган провинциясында дүйнөдөгү эң бийик асма көпүрө
Кытай Гуйчжоу деп аталган провинциясында дүйнөдөгү эң бийик асма көпүрө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийиктиги 570 метр болгон бул курулушту Кытай тарап рекорд деп атады.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кытай Гуйчжоу деп аталган провинциясында дүйнөдөгү эң бийик асма көпүрө курду. Бул туурасында РИА Новости CCTV телеканалына шилтеме кылып билдирди. 

Дубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дубайда үстү жабылган эң чоң көңүл ачуучу парк ачылды
Бэйпаньцзян деп аталган бул жаңы көпүрө ушундай аталыштагы өрөөндүн ичине тургузулган. Бийиктиги 570 метр болгон бул курулушту Кытай тарап рекорд деп атады. 

Көпүрөнүн узундугу 1341 метр. Синьхуанын маалыматында аны тургузуу 2013-жылы башталып, 1 миллиард юань (150 миллион доллар) сарпталган. 

Гуйчжоу провинциясы тоолуу аймакта жайгашып, бир нече капчыгайы бар. Бул аймакта Кытайдын ичиндеги эң бийик деген 10 көпүрөнүн жетөө жайгашкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0