Түндүк Корея. Архив

Түндүк Кореяда суу ташкыны 133 адамдын өмүрүн алды

123
Жаратылыш кырсыгынан улам 107 миң адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Түндүк Кореяда суу ташкындан улам каза болгондордун саны 133 адамга жетип, дагы 395 адам дайынсыз болуп жатат. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресске шилтеме кылып кабарлады.  

Буга чейин Түндүк Кореядагы Туманган дарыясы нөшөрлүү жамгырдан улам нугунан көтөрүлүп, мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыккан. Маалыматта баарынан көп Хамгён-Пукто провинциясы жабыркаганы айтылат. 

Бириккен улуттар уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы 107 миң адамдын жаратылыш кырсыгынан улам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирди. 

Учурда келтирилген зыяндын суммасын тактоо уланып жатат. 

123
Белгилер:
суу ташкыны, жаратылыш кырсыгы, өлүм, Түштүк Корея
Тема боюнча
Филиппинде суу ташкынынан улам 70 миң киши үйүн таштап кетти
Кытайлык аял күйөөсү суу ташкындан биринчи энесин сактап калганы үчүн ажырашып кетти
Сойку кардары менен. Архив

Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

29
(жаңыланган 13:30 19.01.2021)
Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.

Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.

Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.

29
Белгилер:
кылмыш, кызмат, интим, Түркия
Тема боюнча
АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

22
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

22
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим