Түркиялык дин аалым Фетхуллах Гүлен. Архив

Түркия Америкадан Гүленди камакка алууну талап кылды

137
(жаңыланган 16:09 13.09.2016)
Бул Түркиянын Гүленди камакка алуу боюнча аталган өлкөгө жиберген биринчи талабы.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түркиянын Юстиция министрлиги АКШга дин аалымы Фетхуллах Гүленди камакка алуу боюнча кат жиберди. Бул туурасында Anadolu агенттигине шилтеме кылып РИА Новости кабарлады. 

Бул Түркиянын Гүленди камакка алуу боюнча Америкага жиберген биринчи талабы.

16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги кагылышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өттү. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылышкан. Гүлен төңкөрүш аракетин кескин сындап, ага тиешеси жок экенин айтып келет. 

137
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, Фетхуллах Гүлен, АКШ, Түркия
Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
Тема боюнча
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамы бошотулду
Азербайжан бийлиги Гүлендин бардык тарапташтарын табаарын убада кылды