Бельгиялык паралампиадачы жашоо менен кош айтышуудан баш тартты

© AFP / YASUYOSHI CHIBAПаралимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон бельгиялык Марике Верворт
Паралимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон бельгиялык Марике Верворт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Паралимпиадачы айыкпаган дартынан улам Рио-де-Жанейродогу Паралимпиадалык оюндарга катышкандан кийин бул дүйнө менен кош айтышууну каалаган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Паралимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон бельгиялык Марике Верворт жасалма жол менен өлүүдөн (эвтаназия) баш тартканын BBC каналы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай бельгиялык спортчу Рио оюндарына катышкандан кийин бул жашоо менен кош айтыша турганын маалымдаган.

Ал 400 метрлик аралыкка коляска менен жарышууда күмүш байгеге татып, бул жеңишинен кийин спорттогу карьерасын токтоторун айткан.

"Мен ар бир көз ирмемден рахат алып жашагым келет. Убакыт келип, көңүлдүү күндөрүм кайгыга айланган учурда менин эвтаназия үчүн чогулткан документтерим даяр болот. Азырынча ал күн абдан эле алыс", — дейт Верворт.

Марике Верворт 2012-жылы болгон Паралимпиаданын жеңүүчүсү. Анын булчуңдарынын оорусу күчөп, дарылаганга болбой келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0