АКШ Ирактагы ИМдин химиялык курал өндүрүүчү ишканасын жок кылды

© AFP / RAUL ARBOLEDACтратегический бомбардировщик США B-52. Архив
Cтратегический бомбардировщик США B-52. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук топ буга чейин да Сирия менен Ирактагы аскерлерге жана жай тургундарга каршы химиялык курал колдонууга аракет кылган деп айыпталып келет.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. АКШ Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун уулуу зат өндүрүүчү ишканасын жок кылды. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын генерал-лейтенанты Джеффри Харригиандын сөзүнө таянып жазып чыкты.

Аталган фабрикага B-52 стратегиялык багытындагы оор бомбалоочу учак аркылуу сокку урулгандыгы кошумчаланууда.

"Бул "Ислам мамлекетинин" эл аралык нормаларды жана мыйзамдарды эске албагандыгынын, баш ийбегендигинин дагы бир мисалы", — деди Харригиан.

Аталган террордук топ буга чейин да Сирия менен Ирактагы аскерлерге жана жай тургундарга каршы химиялык курал колдонууга аракет кылган деп айыпталып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0