БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Немец авиакомпаниясынын Таллинден чыгып Германияга сапар алган учагы чымчык менен кагылышып кетип, аба майданга кайрылууга аргасыз болду. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү телекомпанияга шилтеме кылып жазды.
"Таңкы алтыда асманга Таллинден көтөрүлгөн Lufthansa компаниясынын учагы чымчык менен кагышып кетип, кайра аэропортко конууга аргасыз болгон. Себеби коопсуздук үчүн кошумча текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгы келип чыккан",— деп айтылат маалыматта.
Учакты карап чыгып, техникалык мүчүлүштүк табылган эмес. Болгону текшерүү иштери бүткөнчө жүргүнчүлөр күтүп турууга туура келген.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Роспотребнадзордун окумуштуулары алгычкы ирет микроскоптун жардамы менен коронавирустун жаңы, "британиялык" штаммынын сүрөтүн тартып алды.
"Роспотребнадзордун "Вектор" илимий борбору дүйнөдө алгачкылардан болуп 2020-жылдын декабрында бейтаптан алынган коронавирустун "британиялык" штаммын сүрөткө тартып алды. Микроскоптун жардамы менен алынган вирустун сүрөтү жаңы коронавирустун өзгөчөлүгүн изилдөө үчүн тартылды. Эми анын структурасы, эксперименталдык моделдери изилденет ", — деп айтылат маалыматта.
Роспотребнадзордун институттары тарабынан иштелип чыгып, Россияда катталган ПЦР-тесттер вирустун британиялык вариантын ишенимдүү аныктай алары белгиленет. Ал эми мекеменин Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун тест-системасы вирусту мутант эмес формалардан айырмалоого жөндөмдүү.
"Коронавирустун "британиялык" штаммына мүнөздүү мутациялар вирустагы протеиндин консервацияланган бөлүкчөсүнө таандык пептиддик антигендерди камтыган "ЭпиВакКорона" вакцинасынын натыйжалуулугуна таасирин тийгизбейт", — деп айтылат билдирүүдө.Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Кийинчерээк ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга тез экени маалым болгон. Деген менен адам өлүмү көп катталган учур жок.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул туурасында "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.
Луговой — Балыкчы темир жол бөлүгү Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Секция бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга, 261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. Луговой станциясы коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунда жайгашкан.
"Луговой — Балыкчы участогун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт. Электрлештирүүгө жумшалган каражат эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнөт. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жол участкасын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын тартуу пландалууда", — деп жазылат токтом долбоорунда.
Луговой — Балыкчы участогу электр тартууга өткөндө жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат булагы табылганы айтылды. Ал эми долбоордун өзүн аткарууга "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражаты, насыялар жана инвестициялар менен алуу каралган.