Сингапурда 355 адам Зика дартын жуктуруп алды

© REUTERS / Enrique MarcarianЗика вирусу менен күрөшүү. Архив
Зика вирусу менен күрөшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Зика вирусу Таиландда тездик менен тарап жатканы маалымдалган. Эми бул оору Сингапурга жетти.

БИШКЕК, 16–сен. — Sputnik. Бейшемби күнү эле Сингапурда 14 киши Зика илдетин жуктуруп, жалпысынан бейтаптардын саны 355 адамга жеткен. Бул тууралуу РИА Новости Straits Times жергиликтүү басмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Оорунун белгилери Сингапурдун жети районунда байкалган. Буга чейин Зика вирусу Таиландда тездик менен тарап жатканы маалымдалган. 

Зика оорусу (калтырак басуу, чыйрыгуу) – маймылдардын инфекциялык оорусу. Ал кээде адамга чымындар аркылуу жугуп, калтырап, чыйрыгуу менен коштолот. Вирус кош бойлуу аялдар үчүн абдан кооптуу. Анткени ал түйүлдүктү микроцефалияга (баш мээнин кичирейиши) жеткириши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0