Пил. Архив

Шри-Ланкадагы фестивалда пил көрүүчүлөргө кол салып, бир аял каза болду

97
(жаңыланган 18:31 17.09.2016)
Жыл сайын өтүүчү парадга пилдер дагы катышат. Аларды ар кандай декоративдик кийимдер менен кооздошот.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жиниккен пил Шри-Ланкадагы фестивалда чогулган элге кол салган. Мындан 11 адам жаракат алып, бир аял каза болун РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып жазып чыкты. 

Окуя жума күнү кечкурун Ратнапура шаарында буддистердин жыл сайын болуучу Перахер парадына пилди даярдоо учурунда болгон. Кокусунан эле пил оолугуп, чогулган элге кол салып баштаган.

Полициянын маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 12ге жеткен. Кийинчерээк, жабыркагандардын бирөөсү ооруканада жүрөгү кармап каза болгон.

Жыл сайын пилдер Түштүк Чыгыш Азия фестивалына катышат. Бул иш-чарага катышуу үчүн пилдерди ар кандай декоративдик кийимдер менен кооздошот.

97
Белгилер:
жабыркоочулар, пил, Шри-Ланка
Тема боюнча
Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби?
Мексикалыктар суудан чыккан белгисиз жаныбарга баш катырышууда