Армениядагы "айылчы" депутаттарга дээрлик 27 миң доллар айып салынды

© flickr.com / young shanahanАрмениянын желеги. Архив
Армениянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, жалпысынан 39 депутат ишке келбей, "айылчылап" жүргөн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Армениянын жергиликтүү "Айканан жаманак" гезити жумушка келбеген айылчы депутаттардын тизмесин жарыялады. Ошондой эле бешинчи чакырылыштагы Улуттук Жыйындын тогузунчу сессиясына келбеген эл өкүлдөрү канча сом айып төлөгөнүн да жазып чыкканын РИА Новости агенттиги билдирди. 

Аталган гезиттин жиберген сурамына Армения парламентинин маалымат кызматы жыйындарды 39 депутат калтырганын, бул үчүн алардын айлыгынан 26,7 миң доллар кармалганын билдирген.

Улуттук жыйындын маалымат кызматы билдиргендей, депутаттардын айлыгынан кармалган каражат айлык-акы фондун үнөмдөө катары эсепке алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0