Японияда тайфундун айынан 100дөн ашык авиарейс токтоп турат

© REUTERS / KYODOЯпониянын Кюсю жана Сикоку аралдарында "Малакас" тайфуну
Япониянын Кюсю жана Сикоку аралдарында Малакас тайфуну - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайфундан улам бийлик элди аталган аймактан көчүрүүгө далалат кылып жатат.

БИШКЕК, 20-сен.— Sputnik. Япониянын Кюсю жана Сикоку аралдарында "Малакас" тайфунунун айынан 100дөн ашык авиакаттам убактылуу кармалып турат. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берип жазып чыкты. 

Түндүк Корея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореяда суу ташкыны 133 адамдын өмүрүн алды
Маалыматка ылайык, учурда жергиликтүү авиакомпаниялардын 101 рейси кармалып турат.

Тайфундун айынан сел, көчкү болуп кетүү коркунучу күч болгондуктан аймактан 30 миңден ашык адамды көчүрүү талап кылынууда. 

Кээ бир райондордо шамал жана жамгырдын айынан электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, Кагосима аймагында 246 миң тургун жарыксыз калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0