Белгилүү актер Жим Керринин архивдик сүрөтү

Актер Жим Керри мурдагы сүйлөшкөн кызынын өлүмүнө айыпталып жатат

59
(жаңыланган 11:25 20.09.2016)
Жим менен мамилеси үзүлгөн аял дары ичип өлгөн. Маркумдун жолдошунун айтымында, Керри аялга психотроптук дарыларды берип келген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Белгилүү актер Жим Керринин мурдагы сүйлөшкөн кызынын жолдошу аялынын өлүмүнө Голливуд жылдызын айыптап жаткандыгы тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда Марк Бертондун жубайы бир жыл мурун дары каражаттарын өлчөмүнөн көп колдонуп алгандыктан каза болуп калган. Бертон Голливуд жылдызы өзүнүн атын, байлыгын колдонуу менен көз карандылык жаратып өлүмгө алып келе турган дары-дармекти мыйзамсыз түрдө таратып жатканын айтып, жубайынын өлүмүнө Керрини айыптады. 

Бир жыл мурун полиция кызматкерлери аялдын денесин Лос-Анжелестеги өзүнүн үйүнөн тапкан. Маркум өлчөмүнөн көп дары ичип алып каза табышы мүмкүн деп болжолдонот. Жалпыга маалымдоо каражаттары болсо аял өлөрүнөн бир саат мурун Керри экөө мамилелерин үзгөнүн жазып чыккан. Ал учурда маркум Бертондун мыйзамдуу жубайы болгон. 

Бертондун айтымында, Керри перкосет, амбиен жана пропранолол деген препараттар адамды депрессияга түшүрүп, кийин суицидге алып келе турганын билип туруп сүйлөшкөн кызына берип турган. 

Доочу Голливуд жылдызы өз күнөөсүн билдирбеш үчүн сүйлөшкөн кызы анын дарыларын уурдап кеткенин билдиргенин айтып чыкты.

59
Белгилер:
препарат, суицид, Жим Керри, Голливуд
Тема боюнча
Стивен Сигал Бишкекте айкидо боюнча мастер-класс өттү
UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бир тууган эжесин Антонина менен. Архив

Ыңгайсыз болуп турам. Валентина эжеси Антонинаны колдогон сөздөрүн жазды

39
(жаңыланган 12:30 31.05.2020)
Антонина сиңдиси Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралында кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп алган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы (57 кг) чемпиону Валентина Шевченко UFC on ESPN 9 турниринде Кэтлин Чукагянга утулган эжеси Антонинаны колдоого алды. Ал билдирүүсүн Twitter-аккаунтуна жазды.

Бүгүн эртең менен болгон беттеште Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калды. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылды.

"Кандай гана болбосун, сени жакшы көрөм, менин сүйүктүү эжем! Сен мага эргүү, колдоо берген дүйнөдөгү эң кымбат адамымсың. Жаракатыма байланыштуу октагондун бурчунда туруп, сага колдоо көрсөтө албай калганыма ыңгайсыз болуп турам. Бирок ар дайым жаныңда болом", — деген Валентина.

Белгилей кетсек, эже-сиңди бир салмактан беттешке чыгышат. Бүгүн Антонина Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралындагы UFC 247 турниринде кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп, наамын коргоп калган.

39
Белгилер:
атаандаштык, колдоо, беттешүү, Валентина Шевченко, Антонина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Коронавируска тест жасап жаткан медицина кызматкери

Ааламда коронавирус жуктургандардын саны 6 миллиондон ашты

12
(жаңыланган 12:10 31.05.2020)
Пандемия башталгандан бери жер жүзүндө 369,1 миң адам көз жумду. Коронавирус жуктурган жана каза тапкан мамлекеттердин сап башында Америка турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 6 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтында жазылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы жонунан вируска кабылгандардын саны 6 миллион 60 миң кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери 369,1 миң адам көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча АКШда инфекциянын эң көп учуру аныкталды, ал жакта ооругандардын саны 1,7 миллиондон ашат. Экинчи орунда Бразилия турат, жуктургандарды саны 498 миңден көп. Үчүнчү сапта Россия, ал мамлекетте вирустун 396,5 миң учуру катталган.

Коронавирустан каза тапкандар боюнча дагы Америка алдыга чыкты. Өлкөдө 103,781 адам көз жумган.

12
Белгилер:
өлүм, жуктуруу, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
На месте пожара в жилом доме в жилом массиве Алтын-Ордо

Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Видео

0
Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты ӨКМден тастыкташты.

"Алтын-Ордо жаңы конушунун 16-көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерде тартылган видеону "Короче" Telegram-каналы жүктөдү.

Кадрларда эки кабаттуу үй күйүп жатканын көрүүгө болот.

0
Белгилер:
өрт, үй, Бишкек
Тема боюнча
Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео