Сирия армиясы "Жебхат ан-Нусра" чабуулунун мизин кайтарды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСирия аскерлери позициясынан атуу кезисиндеги архивдик сүрөт
Сирия аскерлери позициясынан атуу кезисиндеги архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террористтер жүз согушкер, төрт танк, үч аскерий жана ири калибрдеги пулеметтор орнотулган тогуз унаасынан ажырады.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Сириянын куралдуу күчтөрү Россиянын коалициялык куралдуу күчтөрүнүн (ККК) колдоосу менен Алеппонун чет жакасындагы Аль-Шкейф кварталындагы террористтердин чабуулунун мизин кайтарды. Бул туурасында РИА Новости Сириядагы жиктеш тараптарды жараштыруучу борборго шилтеме жасоо менен билдирди. 

"Жебхат ан-Нусра" мурунку күнү Алеппо районуна кол салган. 

"Айыгышкан салгылашуулардан соң 20-сентябрда сириялык өкмөттүн куралдуу күчтөрү Россиянын КККсынын колдоосунда түндүк тараптагы Аль-Шкейф кварталында террористтердин күчү талкаланган", — деп жазылат билдирүүдө. 

Аскерлердин аракеттеринен соң "Жебхат ан-Нусра" бөлүгү толугу менен жок кылынган. Айыгышкан салгылашуулар айрыкча аскер окуу жайынын тушунда жана Алеппонун түштүк-батышындагы 1070-кварталда орун алган. Террористтер төрт танкы, үч киши ташуучу аскерий жана ири калибрдеги пулеметтор орнотулган тогуз унаасынан ажырады. Салгылашууда жүзгө жакын согушкер окко учкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0