Окумуштуулар: ширеткичтер рак илдетине алып келбейт

© SputnikТарелкадагы рафинад канты, архивдик сүрөт
Тарелкадагы рафинад канты, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ширеткич колдонгон көпчүлүк адамдар рак илдетине себепкер болот деп кабатыр болуп, окумуштууларга кайрылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар даамды таттуу кыла турган ширеткичтер эч кандай рак илдетине алып келбей тургандыгын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости Nutrition and Cancer журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Илимпоздор көптөгөн кайрылуулардан улам ширеткичтердин курамын текшерүүнү туура көргөн. 

"Көпчүлүк адамдар ширеткичтер рак илдетин пайда кылат деп кабатыр болушат. Ошондон улам биз текшерүүгө мажбур болдук. Бир канча өлкөдө жүргүзүлгөн эксперименттердин корутундусуна ылайык, ширеткичтер эч кандай рак илдетине алып келбей тургандыгы белгилүү болду", — деди Лондон университетинин профессору Колин Берри. 

Окумуштуулар изилдөөлөргө буга чейин жарыяланган илимий макалалардагы корутундулар да колдонулганын кошумчалайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0