Таксист кардары унутуп кеткен 500 миң доллары бар портфелди кайтарып берди

© AP Photo / Damian DovarganesТакси унааларынын архивдик сүрөтү
Такси унааларынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Дубайда болгон. Ушул эле киши былтыр да унаасына жүргүнчү унутуп кеткен 13 миң долларды полицияга тапшырып берген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дубайда таксист кардары унутуп кеткен 500 миң долларды кайтарып берди. Бул тууралуу РИА Новости The National басылмасына таянуу менен жазып чыкты.  

Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланганда - Sputnik Кыргызстан
Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланганда
Пакистандык таксист Түштүк Кореядан келген бизнесменди аэропорттон Дубай шаарына алып келген. Таксист ишкер унутуп кеткен портфелди полиция кызматкерине кабарлаган. Андан соң полиция бат эле акчанын ээсин тапкан. 

Бул үлгүлүү кадамы үчүн таксинин айдоочусу Жол башкармалык тарабынан 820 доллар (үчтөн бирин кардар, калганын башкармалык) жана ардак грамота менен сыйланды.

Ушул эле киши былтыр да унаасына кардары унутуп кеткен 13 миң долларды ээсине кайтарып берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0