Дональд Трамп өзөктүк курал боюнча Россия АКШдан алдыда экенин айтты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАКШ Президенттигине талапкер Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШ Президенттигине талапкер Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп президент болуп калса, биринчилерден болуп өзөктүк куралдан баш тартарын билдирген.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Россиянын өзөктүк куралдары жаңы, АКШнын бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрү эскирди деп билдирген АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп. Бул маалыматтары РИА Новости жазды. 

"Россия улам кеңейтип барат, аларда бизге караганда жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда, биз болсо жаңыртпаган тейде турабыз",— деп айткан Трамп президенттикке атаандаш болгон Хиллари Клинтон менен дебатка чыккан учурда. 

Трамп "өзөктүк кооптуулукту дүйнөдөгү негизги коркунуч" катары караган. Республикачыл талапкер өзөктүк куралдануудан толугу менен баш тартуу эң сонун экенин айтып, президент болуп калса, андан биринчилерден болуп баш тартарын билдирген.

"Өзөктүк курал колдонулса дүйнө жок болот дегендик, баарына даяр турушубуз керек", — деп белгилеген ал. 

Клинтон дебат учурунда Трампты өзөктүк куралдарга жакын жолотпош керектигин айткан.

Учурда президенттикке талапкерлер – Дональд Трамп менен Хиллари Клинтондун дебаттары жүрүп жатат. Анткен менен сурамжылоо Клинтон айым атаандашынан эки пайызга алдыда кетип бара жаткандыгын көрсөттү.

АКШнын жаңы президентинин ысымы 2016-жылдын 8-ноябрында белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0