Playboy журналына тарыхта биринчи ирет хиджапчан кыз чыгат

© AFP / MANDEL NGAN Playboy журналынын архивдик сүрөтү
Playboy журналынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоңдор үчүн чыгуучу америкалык бул журнал марттан тарта жылаңач кыз-келиндердин сүрөттөрүн жарыялабай калган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Хиджап кийген кыз жылыңачтанган аял-эркектердин сүрөтү байма-бай чыгып келген Playboy журналына биринчи ирет чыгат. Бул туурасында америкалык CNN телеканалы билдирди. 

Ливия тектүү америкалык журналист Нур Тагоуринин сүрөттөрү журналдын октябрдагы "чоңдор үчүн" даярдалган санына жарыяланмакчы деп жазды басылмалар. Кыз сүрөттөрү менен Instagram баракчасында бөлүшкөн.

A photo posted by Noor Tagouri (@ntagouri) on Sep 22, 2016 at 6:55am PDT

 

Басылма Playboy журналынын өзүнүн талаптарына жооп берген чыныгы бул саны өзүнүн сүйүктүү иши менен алектенген жаштарга арналгандыгын кабарлады. 

22 жаштагы кыз октябрдагы журналда артисттин, жазуучунун, активистканын ролунда туруп аял менен эркектин тең укуктуулугу боюнча суроолорго жооп берет.

Playboy журналы — дүйнөдөгү ызы-чуулуу, көп сын-пикирлерди жараткан, аны менен катар миллиондогон адамдар артынан калбай окуган дүйнөлүк бренддеги журнал. Басылма марттан тарта жылаңач кыз-келиндердин сүрөттөрүн жарыялабай калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0