Улуу Британиянын тышкы иштер министри Африканы мамлекет деп атады

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРеферендум в Британии по сохранению членства в ЕС
Референдум в Британии по сохранению членства в ЕС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борис Джонсон премьер-министр Тереза Мейдин өкмөтүндө тышкы иштер министринин кызматын 2016-жылдын июль айынан бери ээлеп келет.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Англиянын тышкы иштер министри Борис Джонсон Бирмингемде Улуу Британиянын Консервативдүү партиясынын съездинде чыгып сүйлөп жатып Африканы континент деп атоонун ордуна кокустан мамлекет деп алды. Британиялык ТИМ башчысынын чыгып сүйлөгөн видеосун Youtube сайтында тори расмий каналынан көрүүгө болот.

"Африкада жашоо узактыгы таң калаарлык жол менен өстү, анткени бул өлкө глобалдуу экономикалык системанын бөлүгү болуп калды", — деп билдирди Джонсон.(23:55 видеодо).

Улуу Британиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу аракетин баштады
International Business Times маалымдагандай, буга чейинки таркатылган билдирүүдө ТИМ башчысынын кагазында "өлкө" деген сөздүн ордуна "континент" деп жазылган. Жаңылыш сөздөн кийин министр эч нерсе болбогондой Эфиопия жана Замбиядагы жашоонун узактыгы тууралуу сөзүн уланткан.

Борис Джонсон премьер-министр Тереза Мейдин өкмөтүндө тышкы иштер министринин кызматын 2016-жылдын июль айынан бери ээлеп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0