Тыңчылыкка шектелип Россияда украиналык журналист кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын федералдык коопсуздук кызматкери
Россиянын федералдык коопсуздук кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын атайын кызматтарынын билдирүүсүнө ылайык, Украинанын жараны максаттуу түрдө мамлекеттик сыр делинген Куралдуу күчтөрдүн жана Россиянын улуттук гвардиясынын ишмердиги жөнүндө маалыматтарды чогулткан.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Россиянын федералдык коопсуздук кызматы дүйшөмбү күнү Украинанын башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкери Роман Сущенконун кармалганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. 

Баңги-зат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Тоноочулукка шектелип кармалгандардын арасында милиция кызматкери да бар
Россиянын атайын кызматтарынын билдирүүсүнө ылайык, Сущенко Куралдуу күчтөрдүн жана Россиянын улуттук гвардиясынын ишмердиги жөнүндө маалыматтарды чогулткан. Эгер бул маалыматтар сыртка чыгып кеткенде ал Россиянын коргонуу мүмкүнчүлүгүнө чоң кедергисин тийгизмектигин атайын кызматтан белгилешти. Учурда тыңчылык боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Москванын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Зоя Светова Сущенконун кармалганын билдирген, бирок украиналык жаран өзүн "Украинформ" маалымат агенттигинин журналисти экендигин айткан.

Бул окуя боюнча Украинанын маалыматтык саясат боюнча министри Юрий Стець ал жетектеген министрлик журналисттин айланасында болуп жаткан окуяга көз салып, анын кармалганы боюнча абалды териштирип жатканын маалымдады. Кабарларда Украинанын Тышкы иштер министрлиги Сущенко менен консулдун жолугушуусун камсыздоого аракет жасалып жаткандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0