Сириядагы үйлөнүү тойдо жасалган теракт 22 адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСириядагы кыйраган үйлөр
Сириядагы кыйраган үйлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан кечти үлпөт той учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Эль-Хасаке шаарында өтүп жаткан үйлөнүү тойдо жан кечти өзүн-өзү жардырып жибергенин шаардын мэри Зааль Аль Алий Sputnik агенттигине билдирди.

Теракттын айынан 22 адам курман болуп, 33ү жаракат алган.

"Жардыруу эль Хасака шаарынан 400 метр узактыкта жайгашкан үлпөт той өтүп жаткан залда катталды", — деп агенттик мэрдин сөзүнө шилтеме берүү менен жазды.

Ал эми САНА агенттиги 13 адам курман болуп, 50 киши жаракат алгандыгын полицияга шилтеме берип жарыялады.

Буга чейин, дүйшөмбү күнү жан кечти сириянын Хама шаарындагы Аль-Аси аянтында өзүн-өзү жардырган. Анда 12 адамдын өмүрү кыйылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0