Иран бир жарым жылда үч спутник учурууга ниеттенип жатат

© NASAКосмос. Архив
Космос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран бийлиги өлкөнүн ракеталык программасын активдештирерин буга чейин айтып келген.

БИШКЕК, 5-окт — Sputnik. Иран космостук агенттигинин башчысы Мохсен Бахрами алар жакынкы аралыкта өздөрү жасаган үч жандоочуну орбитага учуруу ниетинде экенин жар салган. Бул туурасында РИА Новости маалымдады.  

Анын айтымында, Шариф Сат" деп аталган спутникти учуруу 2017-жылдын мартына чейин жасалат. IRNA агенттиги кийинки дагы экөө "Нахид-1" жана "Амир Кабир" андан кечирээк учуруларын маалымдаган. 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ким Чен Ын ракета сынап жатып АКШнын аймактары анын алаканында турганын айтты
Космостук агенттиктин башчысы "Нахид-1" менен "Шариф Сат" байланыш жана байкоо салуу максатында колдонуларын айтты. Ал Иран жакынкы аралыкта "Садр" деген аталыштагы жандоочуну курууну пландап жатканын билдирди.

Иран бийлиги өлкөнүн ракеталык программасын активдештирерин буга чейин айтып келген. Буга батыштын бир топ өлкөлөрү саксактап мамиле кыла баштады. Баллистикалык ракеталарды уюштуруу Тегерандын өзөктүк куралдарга каршы кабыл алган келишимдерине кайчы келет деп эсептейт.

Ал эми Иран бийлиги кабыл алынган документтерден четтеп кетпегенин, тыюу салуу өзөктүк куралдардын сокку ура турган бөлүгүн алып жүрүүгө гана салынганын бекемдеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0