Филиппиндин президенти Дутерте кайрадан Обаманы сөктү

© AFP / MANMAN DEJETOФилиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү
Филиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары президент анын баңгизатка каршы күрөшүү боюнча кадамдарын сынга алган Евробиримдикке "тозокко киши батпай калды, таза жерди таап алгыла" деп кайрылды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте АКШнын президенти Барак Обаманы "көзгө көрүнбөй жоголуп кетсин" деп билдиргенин РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.  

Агенттиктин маалыматына караганда, Дутерте Филиппиндеги баңгизатты жүргүзүүгө каршы радикалдык күрөш сынга кабылганын билдирип жатып, америкалык лидердин тарабына орой сөздөрдү айта кетти. Мындан тышкары, президент анын баңгизатка каршы күрөшүү боюнча кадамдарын сынга алган Евробиримдикке "тозокко киши батпай калды, таза жерди таап алгыла" деп кайрылды. 

Баңгизат менен шугулданган филиппиндиктерге каршы полициянын операциясы - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат менен шугулданган филиппиндик өлүмүш болуп, ажалдан аман калган
Филиппиндин президенти дүйнөлүк лидерлердин дарегине сын айтуу менен таанымал. Кытайда өткөн G20 саммитинин алдында Обаманы "Энеңди гана урайын" деп сөккөн. Буга америкалык лидердин эки тараптуу жолугушуу учурунда Дутертенин шайланышынан кийин эки миң адам каза болгонун талкуулаганы себеп бологон.

Кийинчерээк адам укуктары бузулуп жатканын айткан БУУнун жетекчиси Пан Ги Мунду "жинди" деп тилдеген. Рим папасы менен АКШнын Маниладагы элчисине дагы ороңдогон. 

Родриго Роа Дутерте үстүбүздөгү жылдын май айында өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүктүн добушун алып президент болуп шайланган. Ал баңгизатка көз карандылык менен аны жүгүртүүгө каршы күрөш жүргүзүү идеясын колдоп келет. Полициянын маалыматына караганда Дутерте келгени баңгизатты жүгүртүүгө катышы бар 2,4 миң адам өлтүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0