Индияда жаш жигиттин 18 сантиметрлик "куйругун" алып салышты

© Sputnik / Жоомарт УраимовОперация өткөзүү. Архивдик сүрөт
Операция өткөзүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигит өзүнүн дартын ата-энесинин өтүнүчү менен жашырып, 18ге чыккандан кийин гана андан арылууну чечкен.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Индиянын хирургдары жаш жигиттин 18 сантиметрге жеткен жамбашындагы өсүндүнү алып салышты. Бул тууралуу британиялык Metro агенттиги билдирди. 

​Маалыматка ылайык, улан тубаса "куйругун" "жакшылыктын белгиси" деп эсептеген ата-энесинин өтүнүчү менен жашырып келген. Бирок убакыттын өтүшү менен өсүндү чоңоюп, бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. 

Медициналык жабдык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 15 сантиметрлик куйругу бар балага операция жасалды
"Куйрукту" хирургиялык жол менен алып салышты. Дарыгерлердин айтымында, аталган жигиттин өсүндүсү качандыр бир кезде адам баласынан табылгандардын эң узуну болгон.

Мындай "куйрук" түйүлдүктүн нерв түтүктөрүнүн жабыркоосунан улам пайда болот. Дарыгерлер буга кош бойлуу аялга алгачкы үч айда фолий кислотасынын жетишпестиги себепкер экенин белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0