Нью-Йорктогу Манхеттен көпүрөсүнө Путиндин чоң сүрөтү илинди

© REUTERS / Brendan McDermidРоссиянын президенти Владимир Путиндин чоң сүрөтү бейшемби күнү Нью-Йорктун Манхеттен көпүрөсүндө
Россиянын президенти Владимир Путиндин чоң сүрөтү бейшемби күнү Нью-Йорктун Манхеттен көпүрөсүндө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тынчтык жаратманы" —Россия лидеринин сүрөтүнө ушундай жазуу жазылган. Туурасы 6 жана бийиктиги 9 метрге жеткен баннерди белгисиз адамдар жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 илип коюшкан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин чоң сүрөтү бейшемби күнү Нью-Йорктун Манхеттен көпүрөсүндө пайда болгон. Бул тууралуу CBS телеканалынын шилтемеси менен РИА Новости маалымдайт.

7-октябрь жума күнү РФнын президенти 64 жашка чыгат.

​Туурасы 6 жана бийиктиги 9 метрге жеткен баннер белгисиз адамдар тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.30да илинген (Бишкек убактысы менен 00.30). Шаар бийлигинин өкүлдөрү портретти көргөндөн кийин алдырышкан. Учурда полиция бул уруксат берилбеген акциянын автору ким болгондугун билүү үчүн видеобайкоо камераларынан маалыматтарды тактоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0