Гаитиде борон-чапкындуу шамалдан улам суу каптаган көчөлөр

Гаитиде бороондуу шамалдан улам 478 адам каза болду

68
"Мэтью" аталышындагы катуу шамал 2007-жылы Атлантикадагы эң кооптуу табият кырсыгы деп таанылган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Гаитиде борон-чапкындуу шамалдан улам 478 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

Буга чейин табият кырсыгынан 339 адам каза болгондугу кабарланган. 

"Мэтью" аталышындагы катуу шамал 2007-жылы Атлантикадагы эң кооптуу табият кырсыгы деп таанылган. Учурда катуу шамалдын багыты АКШнын түштүк-чыгышындагы Флорида, Жоржия, Каролина штаттарына жакындап калды. 

68
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, шамал, Гаити
Тема боюнча
Япониядагы "Чаба" 300 рейсти токтотту
Сириядагы үйлөнүү тойдо жасалган теракт 22 адамдын өмүрүн алды

Баланын коопсуздугун колу менен коргогон мышык. Ич жылыткан видео

35
Кээде жаныбар болсо да наристенин коопсуздугун ата-энесинен кем калбай коргогон учурлар кездешет. Дал ошондой видео интернет айдыңга тарап кетти.

Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.

Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.

35
Белгилер:
видео, балкон, мышык, бала
Тема боюнча
Шакылдатып башка чапкылап. Мышык менен ымыркайлардын ич жылыткан видеосу
Токио Олимпиадасынын медалдары. Архив

Мамагенттик: Токио Олимпиадасынан үч медаль утабыз деген максат бар

38
(жаңыланган 19:04 27.01.2021)
Мамагенттик ата мекендик спортчулар эл аралык ири мелдештерге мыкты даярдык көрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан үч медаль утууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев айтканын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-январда, мекеменин коллегиясы өтүп, ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жетекчилик кылган.

"Азыркы тапта олимпиадалык оюндарга чейин биздин спортчулардын лицензиялык мелдештерге катышуусу турат. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууга жетишүүнү максат кылганбыз. Олимпиада оюндарында үч медаль алуу ниетибиз бар. Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча 3 лицензиядан кем эмес жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетебиз деп пландаштырып жатабыз", — деген ал.

Мамагенттиктин жетекчиси спортчулар эл аралык ири мелдештерге мыкты даярдык көрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда учурда Олимпиада оюндарына жалпысынан алты лицензия бар. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк спортчулар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия утуп алышкан.

38
Белгилер:
лицензия, олимпиада, спорт
Тема:
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Токио Олимпиадасынын бюджети 16 миллиард долларга чукулдады
Япониянын быйыл Олимпиада оюндарын өткөрүүдөн баш тартары айтылууда
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив

Анаркулов: инаугурацияга чакырылгандардын баарынын ПЦР-анализи таза чыкты

0
(жаңыланган 22:01 27.01.2021)
Президенттин кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине ар кайсы катмардагы миңден ашуун мейман чакырылган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Президенттик кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, коронавирус, инаугурация, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Чепкен жапмай, аластоо жана ыңгайсыз жагдайлар... Эл эсинде калган инаугурациялар
Депутаттарга Жапаровдун инаугурациясына жеке унаа менен келүүгө тыюу салынды
ИИМ: инаугурация күнү кортеж өтүп, жолдор бир нече секундга гана жабылат