Ирандагы "Хадж Али Дарвиш" дүйнөдөгү эң чакан чайхана деп табылды

© flickr.com / melissa majorowskiСтолдогу чыны жана кашык, архивдик сүрөт
Столдогу чыны жана кашык, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жай 1919-жылы Хадж Мохаммад Хасан Шамшири тарабынан ачылган. Ал эми 1962-жылы аны Хадж Али Мабхутиян сатып алган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ирандагы "Хадж Али Дарвиш" ("Haj Ali Darvish") чайханасы дүйнөдөгү эң чакан чайхана деп катталды. Бул тууралуу "Хамшахри" гезити жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, чайхананын аймагы 2 чарчы метрди түзөт. 

​Аталган жай 1919-жылы Хадж Мохаммад Хасан Шамшири тарабынан ачылган. Ал эми 1962-жылы аны Хадж Али Мабхутиян сатып алган. Учурда аны уулу Казем Мабхутиян иштетип келет. Тегеранда жайгашкан чайхана өзгөчө даамдуу жана дары чайлары менен туристтердин сүйүктүү жерине айланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0