Сарайдагы чочколор, архив

Индияда чочкодон жуккан дарттан 42 адам каза болду

46
Аталган илдет адамга чочколордон чиркейлер аркылуу жуккандыктан, бийлик өкүлдөрү учурда чочколорду башка аймактарда кармоо аракетин көрүүдө.

БИШКЕК, 9-окт. —Sputnik. Индияда япон энцефалит илдетинен 42 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Times of India басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

Гезиттин берген маалыматына ылайык, каза болгондор Индиянын Орисса штатында катталган. 

Аталган илдет адамга чочколордон чиркейлер аркылуу жуккандыктан, бийлик өкүлдөрү учурда чочколорду башка аймактарда кармоо аракетин көрүүдө.

46
Белгилер:
Индия, чымын-чиркей, өлүм, чочко
Тема боюнча
Индияда жаш жигиттин 18 сантиметрлик "куйругун" алып салышты
Тажикстанда Бузулгус бир туугандык — 2021 машыгуулары

Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу аяктады. Видео

71
(жаңыланган 17:27 24.10.2021)
Аскерлер чек арадагы куралдуу жаңжалды басууга даярдык көрүү жана биргеликте операция жүргүзүү тапшырмаларын аткарышты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Бузулгус бир туугандык — 2021" машыгуулары аяктады.

Россиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысы Александар Лепин аскерлердин тактикалык машыгуусу ЖККУга мүчө-мамлекеттерди ар кандай террордук коркунучтардан коргоого багытталганын айтканын RT жазды.

"ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн Тажикстандагы масштабдуу машыгуусу Афганистанда курчуп кеткен кырдаалга жооп берүүчү маанилүү кадам болду", — деди Лапин.

Бул машыгуунун өзгөчөлүгү чалгындоонун жаңы каражаттарын колдонуу, радиоэлектрондук күрөш, байланыш, материалдык-техникалык жана медициналык жактан камсыздоо болду. Мисалы, "Издөө — 2021" машыгуусунда коркунучтарды алдын ала билүүгө жана кол салуу аракетине сокку берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган эффективдүү чалгындоону башкаруу системасы пайдаланылган.

ЖККУнун жааматтык күчтөрү чек арадагы куралдуу жаңжалды басууга даярдык көрүү жана биргеликте операция жүргүзүү тапшырмаларын аткарышты.

71
Белгилер:
ЖККУ, Тажикстан, машыгуу, Аскер
Тема боюнча
Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык
Тажикстанда кайрадан ЖККУнун аскердик окуулары. Машыгуунун максаты, каражаттары
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен Ташкентте добуш учурунда

Күйөө бала, неберелери. Мирзиёев бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди. Сүрөт

163
(жаңыланган 15:53 24.10.2021)
Саат 11:00гө карата добуш берүүгө 6 669 522 адам же шайлоочулардын 33,6 пайызы катышып, президенттик шайлоо өттү деп таанылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди.

Өлкө президентинин сайтына чыккан сүрөттөрдөн Мирзиёев жубайы Зироатхон, кыздары Саида, Шахноза, күйөө балдары Ойбек, Отабек, кичүү уулу Давран жана неберелери менен келгенин көрүүгө болот.

  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев во время голосования на президентских выборов в Ташкенте. 24 октября 2021 года
    Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев во время голосования на президентских выборов в Ташкенте. 24 октября 2021 года
    Өлкө президентинин сайтына чыккан сүрөттөрдөн Мирзиёев жубайы Зироатхон, кыздары Саида, Шахноза, күйөө балдары Ойбек, Отабек, кичүү уулу Давран жана неберелери менен келгенин көрүүгө болот
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев во время голосования на президентских выборов в Ташкенте. 24 октября 2021 года
    Коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
1 / 3
© Фото / пресс-служба президента Узбекистана
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди

Коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.

Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышып жатат.

Саат 11:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө 6 669 522 адам катышты. Бул шайлоочулардын (19,86 миллион) 33,6 пайызын түзүп, президенттик шайлоо өттү деп таанылды. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, босого чек 33 пайыз деп белгиленген.

163
Белгилер:
Өзбекстан, шайлоо, Шавкат Мирзиеев, үй-бүлө
Тема боюнча
Мирзиёев кайрадан президент болууга аттанды, ага аял киши атаандаш болот
Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрөлү. Жапаров аткаминерлерге кайрылды
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен оюн учурунда

Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу

79
(жаңыланган 21:36 24.10.2021)
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия  кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды.

Континенталдык биринчиликке жол аччу мелдеште улуттук командага алгач Е тайпасынын оюну өтүп жаткан талаа ээси — БАЭ командасы туш болгон. Матч Фуджайра стадионунда өттү.

Биринчи тайм 1:0 эсеби менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Бирок экинчи бөлүктүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми КР футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

79
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, мелдеш, гол, жеңиш
Тема боюнча
Жаалданган күйөрмандар. Футбол талаасынан тартылган видео