Голливуд актрисасы Линдси Лохан Түркиядагы качкындар лагерине барды

© AFP / DAVID MCNEW / POOLАмерикалык актриса Линдси Лохандын архивдик сүрөтү
Америкалык актриса Линдси Лохандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лагерге барган Линдси Лохан кичинекей балдар менен ойноп, ал тургай бир нече ырларды кошо ырдаган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Америкалык актриса Линдси Лохан Түркиядагы качкындар лагерине барды. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме кылып билдирди. 

Агенттиктин маалыматына караганда, америкалык актриса Газиантеп аймагындагы качкындар лагерине барып, ал жердеги чоңдор жана балдар менен жолуккан.

"Европа өлкөлөрү жана АКШ качкындар боюнча жоопкерчиликти өзүнө алышы керек. Түркияны бул жаатта колдоо зарыл",— деп айткан актриса.

Лагерге барган Линдси Лохан кичинекей балдар менен ойноп, ал тургай бир нече ырларды кошо ырдаган.

Ал аталган жайда сүйлөп жатып, адамдардын колунан көп жакшылык келерин унутпаш керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0