Кырктын кырындагы Рамзан Кадыровдун 12-баласы төрөлдү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чеченстандын башчысынын эми алты уул, алты кызы бар.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 12-баласы төрөлгөнүн Мамдума депутаты Адам Делимханов билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Кудайдын буйругу менен дагы бир кичинекей тууганым жарык дүйнөгө келди. Кадыровдордун тукумунда уулдун төрөлүшү жалпы өлкө жана эл үчүн чексиз майрам", — деп жазган Делимханов Instagram баракчасына. Бөбөккө Абдуллах ысымын ыйгарышкан.

Чеченстандын өкмөтүнүн маалымат кызматынан бөбөк аман-эсен, 3 кг. 350 гр. салмак менен жарык дүйнөгө келгендигин айтышты. Бул Рамзан Кадыровдун 12-баласы, тагыраагы алтынчы уулу. Эркек балдардан сырткары анын алты кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0