Жыл башынан бери Европага деңиз аркылуу 316 миң качкын келген

© AP Photo / Santi PalaciosЕвропага кайык аркылуу келген качкындар. Архивдик сүрөт
Европага кайык аркылуу келген качкындар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары, 3,5 миңден ашуун адам каза болуп же дайынсыз кеткени айтылды.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери Жер ортолук деңиз аркылуу Европа жээктерине келген качкындардын саны 316 миңге жеткенин Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалымат катчысы Жоэл Миллман брифингде билдирди. Ал эми бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Уюмдун маалыматына ылайык, деңизди кесип өтүүдө 3611 адам каза болуп же дайынсыз жоголуп кеткен.

Миллман Евробиримдик менен Түркиянын март айындагы макулдашуусунан кийин Греция жана Балкандын батыш аймагындагы өлкөлөрдө качкындардын саны 56 пайызга көбөйүп кеткенин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0