Россия элчиси: Москва Сноуденди Вашингтонго бере албайт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРоссиянын АКШ коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлү Сноудендин видеосун көрүп аткан колдонуучу
Россиянын АКШ коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлү Сноудендин видеосун көрүп аткан колдонуучу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кисляк РФ менен АКШ ортосунда мыйзам бузууга шектелген жарандарды алмашуу боюнча макулдашуу жоктугун билдирген.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын АКШ коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлү Сноуденди Вашингтонго берүүгө моралдык да, юридикалык жактан да акысы жок. Бул туурасында РИА Новости РФтин АКШдагы элчиси Сергей Кисляктын айтканына таянып билдирди. 

"Америкалык соттун колуна өткөрүп бергенге биздин моралдык да, юридикалык да акыбыз жок", — деп айткан элчи.

Ал РФ менен АКШ ортосунда мыйзам бузууга шектелген жарандарды алмашуу боюнча макулдашуу жок экендигин эске салды.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эдвард Сноуден "Сноуден" тасмасында өзүнүн ролун ойноду
Сноуден 2013-жылы Washington Post жана Guardian гезиттерине АКШ менен Улуу Британиянын атайын кызматтарынын адамдарды аңдыган жашыруун программалары боюнча бир катар маалыматтарды берип койгон. 

Мындан кийин Гонконгго кетип, андан ары Москвага аттанып, аталган шаарда аэропорттун аймагында бир аз кармалып турган. Бул маалда Россия ага убактылуу баш паанек берип, бирок АКШга каршы иштерин токтотуу талабын койгон.

2014-жылдын август айында аталган өлкөдө үч жылга чейин жашоого укук алып, ага Россия эле эмес, андан сырткаркы жерлерге да саякаттоого мүмкүнчүлүк берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0