ЖМК: РФ президентине жардамчы болуп анын маалымат катчысы дайындалышы мүмкүн

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДмитрий Песков на пресс-конференции Владимира Путина
Дмитрий Песков на пресс-конференции Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФнын башчысынын учурдагы жардамчысы Юрий Ушаков мартта 70 жылдыгын белгилейт. ЖМКдагы маалыматка ылайык, ошондон кийин ал президенттик администрациядагы кызматынан кетет.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россия башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысынын эл аралык маселелер боюнча жардамчысынын кызматын ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазып чыкты. 

Россиянын АКШ коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлү Сноудендин видеосун көрүп аткан колдонуучу - Sputnik Кыргызстан
Россия элчиси: Москва Сноуденди Вашингтонго бере албайт
РФнын башчысынын учурдагы жардамчысы Юрий Ушаков мартта 70 жашка чыгат. Басылманын маалыматына ылайык, андан кийин ал президенттик администрациядагы кызматынан кетип, Европа өлкөлөрүнүн биринде элчи болуп дайындалышы мүмкүн.

"Коммерсант" белгилегендей, Ушаковдун иштен кетүүсү боюнча маселе кийинки жылдын март айына чейин чечилиши керек. Гезиттин булактары президенттин жардамчысынын ишине доомат жок экенин айтышкан.

Азыр Ушаков ээлеп жаткан кызматка келчүлөрдүн аты аталып жатат. Песковдон сырткары бул ишке Россиянын Кытайдагы элчиси Андрей Денисов жана ТИМдин бир катар кызматкерлери талапкер катары чыгууда.

Дмитрий Песков маалымат катчы кызматын 2012-жылдын май айынан бери ээлеп келет. Ага чейин 4 жыл өкмөт башчынын маалымат катчысы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0