Түркиянын вице-премьери: дүйнө аймактык же дүйнөлүк согуштун босогосунда турат

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын вице-премьери Нуман Куртулуштун архивдик сүрөтү
Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулуштун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-октябрда АКШ Сириядагы тынчтыкты орнотуу боюнча Россия менен эки тараптуу кызматташтыкты токтотконун жарыялаган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Сириядагы согуштан улам дүйнө аймактык же дүйнөлүк согуштун босогосунда турганын Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулуш айтканын РИА Новости билдирди. 

"Үчүнчү тарап жактан жасалып жаткан ар бир согуш, кандай болгон күндө да соңуна чыгат. Сирияда бул нерсе өзүнүн чегине жетти. АКШ менен Россия ачык эле тирешип жатат. Демек, бул аймактык же дүйнөлүк согуштун босогосунда турабыз дегенди түшүндүрөт", — дейт Куртулмуш.

Ал сөзүндө Сирия сириялыктарга гана таандык экенин баса белгиледи.

"Биз Сирия элине кандай жашаш керектигин үйрөтө албайбыз. Андай нерсени Башар Асаддын режими да, америкалыктар да, Россия да, Иран дагы жасай албайт. Аны сириялыктар өздөрү кабыл алышы керек", — деди вице-премьер.

3-октябрда АКШ Сириядагы тынчтыкты орнотуу боюнча Россия менен эки тараптуу кызматташтыкты токтотконун жарыялаган. АКШ Россияны эки тараптуу келишимдерди сактаган жок деп айыптады. Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадам терең өкүнүнүч жарата турганын билдирип, АКШ өзүнө алган милдеттенмелерин так аткара албагандыгын көрсөттү деп маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0