Москвада үйлөнүү үлпөтүнүн акчасын төлөбөй басып кеткен той ээси кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКелинчегин көтөтүп бараткан адам, архив
Келинчегин көтөтүп бараткан адам, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөө баланы полиция кызматкерлери колго түшүргөн. Ага чейин өзүнүн үлпөт тоюна чыккан эсепти көргөн киши эч кимди көзүнө илбей, басып кеткен.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Москва полициясынын кызматкерлери үйлөнүү үлпөтүнүн акчасын төлөөдөн баш тарткан жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу шаардык полиция билдирди.

Кыргызстанда орточо эсептеги үйлөнүү тоюнун чыгымдары — 200 адамга эсептелген салтанат - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы киши Москванын чыгышында жайгашкан кафелердин биринде 100 миң рублге үйлөнүү үлпөтүн заказ кылып, 20 миң рублин алдын ала төлөгөн. Заказ толугу менен аткарылган, бирок акыркы эсепти көргөн күйөө бала акча төлөөдөн баш тартып, жубайы жана достору менен кафеден чыгып кеткен.

Полиция кызматкерлери той ээсинин аты-жөнүн тактап, аны бөлүмгө алып келишкен. Эми ал эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кыргызстандагы үйлөнүү үлпөтү үчүн канча акча керек экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0