Мектеп. Архивдик сүрөт

ЖМК: КР менен Өзбекстандагы Гүлендин мектептеринде ЦРУнун 130 агенти иштеген

824
(жаңыланган 19:28 13.10.2016)
Жума сайын чыгуучу New Yorker журналынын материалында Кыргызстан менен Өзбекстандагы Гүлен мектептеринде англис тили мугалими катары иштеген ЦРУнун агенттери жөнүндө айтылат. Макаланын автору — Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Декстер Филкинс.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандагы "гүленчи" мектептерде ЦРУнун 130 агенти мугалим катары иштеген. Бул тууралуу АКШнын New Yorker журналына басылып чыккан Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Декстер Филкинстин макаласында айтылат.

Материал "Төңкөрүштүн 30 жылдык планы. Куулган аалым Эрдогандын бийлигин кулатууга аракет кылганбы?" деген баш тема менен башталат. 20 барактан турган макала динаятчы Фетхуллах Гүлен жана ал негиздеген "Хизмет" кыймылы тууралуу баяндайт.

Мындан тышкары, кыймыл жаңы уюушулганда президент Режеп Тайип Эрдогандын Гүленге жакындыгы айтылган. Бул үчүн автор Гүлен менен Эрдогандын тарапташтарынан, чалгын кызматы, өлкө бийлиги жана дипломаттардан маалымат чогулткан.

Макалада Борбордук Азия тууралуу да айтылып, Кыргызстан менен Өзбекстандагы "гүленчи" мектептерге басым жасалган. Жума сайын чыга турган журналдын маалыматы боюнча СССР курамындагы айрым республикалар көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Гүлендин тарапташтары аталган мамлекеттерге "жайланыша" баштаган. 

"2010-жылы чалгындоо кызматында иштеген Осман Нури Гүндеш өз мемуарларында Өзбекстан менен Кыргызстандагы "гүленчи" мектептер ЦРУнун 130 агентин англис тилин окуткан мугалим катары иштетип келген. Баары тең маалымат чогултуу менен алектенип келишкен", — деп айтылат макалада.

Түркиянын аскер чалгындоо кызматынын мурунку жетекчиси Исмаил Пекиндин айтымында, мындай макулдашуу Африка өлкөлөрүндөгү мектеп мугалимдери менен түзүлгөн. Бирок алардын ЦРУга эч кандай тиешеси болгон эмес.

Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Негизги кагышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылышкан. Мындан тышкары, динаятчынын демилгеси менен ар кыл мамлекетте ачылган окуу жайларды жабууга чакырган

Өз кезегинде Гүлен Түркиядагы төңкөрүш аракетти кескин сындап, ага тиешеси жок экенин билдирген.

824
Белгилер:
агенттик, окуу жай, ЦРУ, Фетхуллах Гүлен, Түркия
Тема боюнча
Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы
Түркия Америкадан Гүленди камакка алууну талап кылды
Гүлен Түркиядагы төңкөрүштү бийлик өзү жасашы мүмкүндүгүн айтты

Димаштын сагынычы... Ырчы пандемиядан кийин кезектеги шедеврин тартуулады. Видео

164
(жаңыланган 21:06 05.12.2020)
Казакстандын дүйнөгө таанымал ырчысы Димаш Кудайберген коронавирус пандемиясынан берки топ жарган ырын жарыкка чыгарды.

"Я скучаю по тебе" аттуу жаңы ырын Москвадагы "Жаңы жылдык көгүлтүр оттун" видео жаздыруусунда аткарган. Анын автору композиторлор Игорь Крутой менен Игорь Николаев.

ЖМКлар Димаш туура тогуз айдан соң сахнага кайтканын жазышты. Анын чыгармасын бир күндө эле 45 миңден ашуун киши укккан.

164
Белгилер:
чыгарма, ыр, Димаш Кудайберген, Казакстан
Тема боюнча
Эркектей болуп ырда! Димаш бала кезинде шылдыңга кабылганын айтып берди
Нашаа. Архивдик сүрөт

Кыргызстан БУУнун нашааны кооптуу баңгизаттын тизмесинен алуу чечимине каршы чыкты

66
(жаңыланган 17:27 05.12.2020)
Кара куурайды өтө кооптуу делген баңгзаттын катарынан чыгаруу чечимин БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы кабыл алган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзгөчө көзөмөлдү талап кылуучу кара куурай менен нашааны баңгизат каражаттарынын катарынан чыгарууга каршы добушун берген. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Буга чейин кара куурайды өтө кооптуу делген баңгизаттын катарынан чыгаруу чечимин БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен кабыл алган. 27 мамлекет буга макул болсо, бирөө калыс экенин айткан. Ал эми 25 өлкө каршылыгын билдирген болчу. Өзгөртүү киргизүүнү колдогон мамлекеттердин башында АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү турат. Каршы чыккандар — Кытай, Россия, Пакистан жана башка мамлекеттер. Бирок ар бир өлкө мурункусундай эле көзөмөлдүн кандай деңгээлде болорун өзү аныктай алат.

"Кыргызстан аталган өзгөртүүгө каршы чыккан 25 мамлекеттин ичинде. Көзөмөлдү төмөндөтүүгө багытталган бардык аракеттердей эле сунушталган демилге да он миңден ашуун гектар жеринде кара куурай өскөн Кыргызстандагы баңгизат боюнча кырдаалды курчутуп жиберет", — деп айтылат маалыматта.

Комиссия кабыл алган чечимдин кесепетин азайтуу үчүн Кыргызстан 1961-жылы чыгарылган баңгизат каражаттары боюнча Бирдиктүү конвенциянын 39-беренесин көздөмөкчү. Анда ар бир өлкөгө аталган эл аралык макулдашууда каралгандан катаалыраак көзөмөл жүргүзүүгө укук берилген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, комиссиянын дээрлик бардык мүчөлөрү БУУнун баңгизатка каршы чыгарылган негизги конвенцияларын колдой тургандыктарын айтып, кара куурайды рекреациялык (саламаттыкты калыбына келтире турган ден соолукту чыңдоочу иш-чаралардын комплекси) максатта колдонуу үчүн мыйзамдаштырууга каршылыгын билдиришкен.

66
Белгилер:
каршылык, чечим, конвенция, БУУ, нашаа, кара куурай
Тема боюнча
Чек арада жети тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Сүрөт
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен